Menu

Видео – Мэр Азиз Суракматов ак элечекчен апалардан учук жана бата алып кетти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-декабрда, “Белгилүү маршрут” акциясы Бишкектеги Кыргыз драма театрынын алдында “Эрден калсаң да, элден калба!”, “Чечинген уят!”,-деген ураандын алдында башталды. Ал жерге ак элечекчен апалар, белгилүү укук коргоочулар жана активист жарандар келишти. Ал жерге келген Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева келип, пикирлерин билдиришкен.

Түштөн кийин “Белгилүү маршрут” Бишкек шаарындагы “Ынтымак” эс алуу багына барды. Ал жерге Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов келип, “Жаңы жылдыкка кандай даярдык көрүп жатышат?”,-деп кыдырып жүргөм. Анан бу жерге капысынан келип, сиздерди көрүп, кайрылып калдым. Социалдык тармакты, прессаны карап, ар бир ишке реакция кылабыз. Сунуш айтып туруңуздар, чогуу иштейли”,-деп бул иш-чараны колдой турганын билдирди. Ал ортодо апалардын бири учук тапшырды. Аягында апалардын батасын алды. Анан активист жаран Аманбол Бабакулов “учукту алдыңыз, эми апаларды кабыл алып, ысык чай беришиңиз керек”,-деди эле, мэр макул болуп, күлгөн боюнча жөнөп кетти.

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган иш-чара 17 күнгө созулмак. Ал 2-декабрда Маданият министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен убактылуу токтотулган жана аталган музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматынан бошотулган. Дал ошол күнү жат көрүнүштөргө каршы акцияны Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында болуп, аларды министр кабыл алып, талаптарын угуп, өз пикирин билдирип, бул боюнча жумушчу топ түзүлүп текшерилээрин жана убактылуу токтотулаарын билдирген. Анын эртеси, 3-декабрда министр Азамат Жаманкулов жат көрүнүшү жок феминнале улана турганын билдирген. Ага чейин ал тууралуу Роза Отунбаева оюн айткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: