Menu

Алмамбет Шыкмаматов, ЖКнын депутаты: “Көмүскө экономика жылына 48 миллиард чыгым келтирүүдө. Өкмөт кетсин!”

Бөлүшүү:

-Жакынкы күндөрү эле парламент 2019-2020-жылдардын бюджетин талкуулап, кабыл алды. Өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиевдин отчетуна оң баа бергендей болдуңуздар. Бирок, чыныгы экономикабыздын оор абалы тууралуу да айтыш керек го?..

– Биз карызга жашаган бюджетти кабыл алып бердик. Өкмөт «майкөл-сүткөл жашоо болуп жатат» деп кооз сүйлөдү. «Баары жакшы» дегени менен чындык андай эмес. Бизнесмендер да айтып жатат, бизнес кылганга шарт жок. Мамлекеттик органдарда бюрократия көп. Инвестиция жок. Ички капиталдын баары сыртка чыгууда. Импорт менен экспорттун абалы жаман. Макроэкономикалык көрсөткүчтөр абдан начар. Оорулуу адамдын организминдей эле биздин экономиканын абалы оор. Ошондуктан Европа жана Дүйнөлүк банктын жардамы менен жашап келе жатабыз. Көмүскө экономика жылына 48 миллиард чыгым алып келип жатат. Биздин инвесторлорго түзүлгөн климат канааттандырарлык эмес. Ошон үчүн инвестор келбейт. Бюджетке жазылган 25 миллиард сом инвестиция эмес, улам-улам ратификация кылып жаткан грант 30%, карыз 70%. Ошону инвестиция катары айтып жатабыз. Жумушсуздук 19%. Инфляцияны эл жонтери менен сезип жатат. Ун кымбаттады. Инфляцияны сезип жатабыз, бирок өсүштү сезген жокпуз да. Ар бир төртүнчү литр бензин кбнтрабанда. «Контрабанда менен көмүскө экономиканы жөнгө сала албасаңар, экономикабыздын оор абалын оңдой албасаңар, кеткиле!» деген маселени койдум.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: