Menu

Депутат А.Арапбаев карызга курулган жолдор үчүн калк төлөсүн деген сунуш киргизди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-декабрда КСДП фракциясы транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновдун алынган кредиттерди пайдалануу жана Бишкек-Кара-Балта, Түндүк-Түштүк, Балыкчы-Корумду ж.б. жолдордун курулушундагы тышкы жардамдар жөнүндө маалыматын укту.

Талкуу учурунда депутат Азамат Арапбаев эгемендүүлүк алгандан бери жол тармагын өнүктүрүү үчүн 2,6 млрд доллар кредит каражаттары алынганын баса белгиледи.

“Энергетика тармагында кайсыл бир кредиттик долбоорлорду жүзөгө ашырууда аны кирешенин эсебинен жабуу механизмдери каралган, ал эми жол курулушу боюнча карызды төлөө толугу менен бүджеттин мойнуна түшүп жатат. Жол  пайдалануучулардын эсебинен төлөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу керек”, – деди депутат.

Ал көпчүлүк өлкөлөрдө жол пайдаланганы үчүн төлөм алынарын белгиледи.

“Мисалы, Кытайда акысыз жолдор жок. Аны пайдаланганы үчүн тарифдер коюлган, айыл жерлерине өзүнчө, эл аралык маанидеги жолдорго өзүнчө баа коюлат. Ошондой эле автоунаанын салмак-көлөм көзөмөлүнүн маалыматы да эске алынат”, – деди Арапбаев.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кредит карызы боюнча 42% – Кытайдын экспорттук-импорттук банкына, 30% – Азиялык өнүктүрүү банкына, калганы башка финансылык уюмдарга туура келерин маалымдай кетти.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: