Menu

Кесиптик окутуудан өткөн соң 2658 жумушсуз жаран ишке орноштурулду

Бөлүшүү:

2019-жылы расмий жумушсуздуктун деңгээли 3,3% (2018-жылы- 2 8% түзгөн) болгон. Республиканын шаарларынын жана облустарынын арасында расмий жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли – Бишкек шаарында жана Чүй облусунда (жумушчу күчтүн санынан 1,2%). Расмий жумушсуздуктун эң жогорку деңгээли Жалал-Абад облусунда (7,3%) белгиленген. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы маалымдайт.

2019-жылдын 1-ноябрына карата иш менен камсыздоо кызматтарында каттоодо тургандардын саны 102,9 миң жумушсуз адамды түзгөн, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,0 миң адамга же 12% көп. Анын ичинен 48,0 миң адам же 46,6% аялдар түзөт. Ошону менен бирге расмий түрдө жумушсуз макамын алгандар 83,3 миң адам, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 18,9% көп.

2019-жылдын 10 айында калкты жумуш менен камсыздоо органдарына 139,5 миң адам кайрылган, бул 2018-жылга салыштырмалуу 2% көп (136,1 миң адам). Алардын ичинде 60% (84,5 миң адам) эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу мыйзамдары маселелери боюнча кеңеш алышкан.

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына берилген бош жумуш орундарынын саны 22 728ди түзүп, өткөн жылга караганда 1,7 миңге аз болгон. Бош орундар арасында суроо-талап жумушчу адистиктерге жогору. 2019-жылдын 1-ноябрына карата 5203 бош орунга суроо-талап болгон эмес, же өткөн жылдын деңгээлинде калган. Бир бош жумуш ордуна 20 адам көрсөтүлгөн, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 адамга көп.

2019-жылдын 1-ноябрына карата каттоодон 41,1 миң жумушсуз жаран чыгарылган, анын ичинде 18,9 миң жумушсуз же 46,1% – жумуш берүүчүлөрдүн бош орундарына кабыл алынган жарандар.

Кесиптик окутуудан өткөн соң 2658 жумушсуз жаран ишке орноштурулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: