Menu

Нуркыз Кожонова, ырчы: “Болмок эле бизде чоң сүйүү…”

Бөлүшүү:

Кыргызстандын шоу бизнесинен өз ордун таап, элге өз таланттын тартуулап, эл оозуна алынып калган жаркылдаган ачык мүнөзү менен баардык капачылыкты, көңүл кирин дароо айдаган Нуркыз Кожонованы кепке тарттык.

— Нуркыз айым, чыгармачылыгыңда кандай жаңылыктар бар. Жаңы эле кирип келген ит жылын кандай тосуп алдың?

— Чыгармачыл адамдар ар бир жылын “жемиштүү, жаңы чыгармаларым көбүрөөк жаралган, ийгиликтер жаралган жылдардан болсо экен” деп тилек кылат эмеспизби? Мен да ошондой жакшы тилектер менен жаңы жылды тосуп алдым.

— Адам үчүн турмушта жол табуу, өзүн табуу да бир топ жаңылыштыктардан соң келет. Сен дагы жол издедиңби, жол таптыңбы?

— Адамзаты ар кандай экенбиз. Кээ бирөөлөр талантына, шыгына жараша бала кезинде эле эртеңки жолу ачык-айкын көрүнүп турат. Кээ бири өзүн таппай, жолун таппай, ар нерсени барып бир сүзүп, мүдүрүлөт, жаңылат. Ал жагынан Кудайга шүгүр, бала кезден чыгармачылыкка жакын болуп, өз жолумда келе жатам. Мен илимге, билимге умтулган адам болгондуктан, көп убактымды окууга арнадым, билимге арнадым. Ал билимимдин үзүрүн көрсөм да ырчылык мени коштоп жүрөт деген тилектемин.

— Адамзатта, аялзатта турмуштун маңызы эмнеде?

— Албетте, “балалуу үй базар” деп бекеринен айтпаса керек. Кудайым буюрса турмушка чыгып, эне болгум келет. Өзүм кичинекей наристелерге абдан жакынмын, аларды эркелетип жатканда чыныгы бакыттын эмне экенин сезесиң. Айланып келип эле аялзатынын жашоодогу манызы эне болууда, мыкты балдарды тарбиялап өстүрүүдө деген ойдомун.

— Жалгыздыкты жандүйнөңдө кандай кабыл аласың?

— “Чыгармачыл адамдарга жалгыздыкта илхам келет. Сонун кайрыктар келип, сонун саптар жаралат” дешет. Бирок мен, тескерисинче, жалгыздыкты жактыра бербейм. Таптакыр жалгыз болбогонго аракет кылам.

— “Болмок эле бизде чоң сүйүү” деген жакшы ырың бар…

— Эх, ал ырды ырдапмын да бир кездери. Эми андай ырларды ырдабай калдым го.

Болмок эле бизде чоң сүйүү,

Болбой калды жүрөк түшүнүү.

Бар болгону болду ортодо

Боз жаздыкка көз жаш түшүрүү.

Ырымда ырдалгандай эле бир учур өттү кетти. Эми ал күндөргө кайрылып, кайгыргым да келбейт. Кайгылуу ырдагым да келбейт.

— Негизи өзүң ачык-айрым, адамдын көңүлүн көтөргөн кыз экенсиң…

— Ооба, дайым жайдары, шайыр жүргөндү жактырам. Үтүрөйүп бирөөнүн жакшылыгына, ийгилигине ич тарытпай, сын такпай, айланамдагы адамдардын да шартылдап, жаркылдап жүргөнүн жактырам.

Жамиля Нурманбетова

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: