Бүгүн, 14-декабрда Бишкектеги “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын каражатына курулган мектептин директору алмашканына нааразы болгон мектептин окуучулары менен ата-энелер мектептин алдына чогулушту. Бул тууралуу ата-энелердин бири билдирди.
Анын айтымында, алар жаңы директор Валентина Лисниченкого каршы, мурунку директор Азамат Дикамбаевди алып келүүнү талап кылышууда.
Буга чейин айрым сайттар аталган мектептин директору алмашканын, 9-январдан тартып мурдагы директор Азамат Дикамбаевдин ордуна №9 мектеп-гимназиясынын мурдагы директору Валентина Лисниченко келээрин жазышкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ