Menu

Клара Сооронкулова Кой-Таш окуясы боюнча мамкомиссиянын корутундусу алар кол койгондон башка болуп чыкканын айтып чыкты

Бөлүшүү:

Конституциялык палатанын экс-соту, 7-8-августтагы Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулова 12-декабрдагы парламент жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров окуган корутундунун варианты жеке өзү кол койгон корутундудан башкача болуп калганын айтууда.

Экс-сот айымдын айтымында, ал кол койгон документте Равшан Жээнбеков менен Рыскелди Момбеков жөнүндө бир да сөз болгон эмес экен.

“Азыр так айтып коеюн: Жогорку Кеңештин жыйынында биз кол койгон документ окулбады. Бирок мен азыр далилдей албайм. Анткени менин колума корутундуну бергилери келбей, ар кайсыл шылтоолорду айтып туруп алышкан. Аны кайра окуган оюма келбептир. Тексти ушунча өзгөрөт деп ойлогон да эмесмин. Кечээ окуп чыктым. Ар кандай өзгөртүүлөр, кошумчалар киргизилиптир. Эсимде, жыйында Момбеков нааразы болгон. Алгач эмнеге антип жатканын түшүнгөн эмесмин, анан шектене баштадым. Равшан Жээнбеков боюнча да ошондой. Анан кечээ окусам, таптакыр башкача экен, мен мындай документке өмүрүмдө кол коймок эмесмин. Жеңиш Разаков тапшырма берген дешти. Демек, бул корутундунун легитимдүүлүгү күн тартибинен алына элек. Мурда жыйын болгондо, биз кол койгон корутунду көрсөтүлгөн дешкен. Бирок, анда жөн гана жолугушуу болуптур. Юридикалык жактан добуш берүүнүн бир гана протоколу бар. Бул мен каршы болгон акыркы жыйын. Башка протокол жок. Мен алмаштырып койгондору боюнча билдирүү жасайм. Менин колум коюлган протоколду көрсөтүшсүн”, – деди ал.

Мурда болсо, комиссиянын мүчөсү Тынчтык Шайназаров бул бардыгы бекиткен жалгыз вариант экенин айткан эле.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: