Menu

“Насвай чеккендер 20 миң сом айып пул төлөйбү?”

Бөлүшүү:

Ушинтип 17-декабрда ЖКнын экономика жана фискалдык саясат боюнча комитет жыйынында депутат Орозбек Алыбаев (“Кыргызстан”) сурады.

Ал учурда ЖК депутаттары А.Алтыбаева, Н.Алимбеков, Т.Тиллаев, Ж.Турускулов, Д.Төрөкулов, К.Керезбеков, К.Орозова, М.Мавлянова демилге кылышкан Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына (“Реклама жөнүндө” мыйзамга, салык салынбаган киреше жөнүндө кодекске, мыйзам бузуулар жөнүндө кодекске) өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралып жаткан.

О.Алыбаев: “Насвай тамекиге киреби?” деди эле, Айнуру Алтыбаева (КСДП): “Насвай – бул чайналган тамеки” деп жооп кайтарды. “Силер тамеки чекендерге 20 миң сом айып пул салууну карап жатасыңар, а насвай чеккендер да бул айып пулду төлөйбү?” – сурады О.Алыбаев. А.Алтыбаева насвайдын курамы жөнүндө так маалымат жок экенин айтып: “Насвай эмнеден турарын да билбейбиз. Тооктун кыгы ж.б. дешет го”, – деди депутат айым. Ошондой эле А.Алтыбаева насвай чегүүгө жана сатууга тыюу салуу сунушу түшкөнүн, бул палатада караларын кошумчалады.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: