Menu

Шыкмаматовду шыктандырган демилгенин артында кандай суроо бар?

Бөлүшүү:

“Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов башка өлкөнүн жарандыгын алган мигранттар эч тоскоолдуксуз Кыргызстандан жер тилкесин сатып алууга мүмкүнчүлүк берүү демилгеси менен чыкты. Тиешелүү мыйзам долбоорун ал депутаттарды талкуусуна сунуш кылды.

“Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандан барган 600 миң жараныбыз Орусиянын паспортуна ээ болду. Биздин мыйзамдарга ылайык, чет өлкөлүк жарандар үй сатып ала алышат, бирок жер тилкесин сатып алууга тыюу салынган. Биз өздөрүн де-факто түрүндө Кыргызстандын жараны катары санаган сыртта жүргөн мекендештерибиз жер алгандай болсун деп жатабыз. Алар жерди туугандарына каттаганы эле болбосо, ансыз деле сатып алып жатышат”, – дейт депутат.

Анын айтымында, жер тилкесин сатып алып жатканда, мурда Кыргызстандын жараны болгонун гана далилдеп бериши керек болот.

Депутат Уланбек Примов: “Бардык мигранттар сатып алса болобу же чектөөлөр дагы барбы?” деп сурады.

Алманбет Шыкмаматов мыйзам долбооруна тактоо киргизип, Кыргызстандан жер тилкесин кыргыз улутундагылар гана сатып ала алышат деп түшүндүрдү.

“Өлкөдөн чыгып кеткен еврейлер же немистер эми кайтып келбесе керек да”, – деди ал.

Улутту баса белгилөөгө депутат Камчыбек Жолдошбаев каршы чыкты. Ал элди бөлүп-жарбоого чакырып, бир кезде бардык улуттар бир элдей ынтымакта жашап келишкенин эскертти.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев эгерде жер тилкелери бир гана кыргыз-мигарнттарга сатылса, анда Шыкмаматовдун демилгесин өкмөт колдоп береби дегендей министрлер кабинетине суроо узатты. Өкмөт мүчөлөрү эч нерсе жооп бере алышпады. Мурда белгилүү болгондой, өкмөт бул мыйзам долбооруна каршы болгон эле.

Депутат Жамалдин Зиядинов: “Сөзсүз эле кыргыз деп жазыш керекпи?” – деп, бул мыйзам долбоорун өкмөт менен биргеликте кайра иштеп чыгууну сунуш кылды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: