Экс-депутат айым Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов аны трайбалисттик билдирүүлөр боюнча күнөөлөп, фейк-коллажды пайдаланганына 18-декабрда жооп кайтарды.
“Адилет” укуктук клиниканын башчысы, укук коргоочу Чолпон Жакупова анын дарегине айтылган сындарга мындай деди:
“Эдил Байсалов уятсыздык менен мен айтпаган, дегеле мага тиешеси жок коллажды пайдаланып, пост жазганына жол болсун. Бул фейк. Эмне максат менен жасаганын түшүнө албадым. Мен бардык адамдарга бирдей карайм. Жарандарды эч качан бөлүп көргөн эмесмин. Эми Байсалов менен жакын санаалаш болгом деп айта албайм. Бирок, оор учурунда маңкасын тарта албай, мага жардам сурап келгенде, колдогонум чын. Кыргызстанда өтө көп акчалар айланат. Ага колу тийип калганда, көздөрү кызарып кетет окшойт да. Аны менен да ошондой окуя болушу мүмкүн”.
Эскерте кетсек, 17-декабрда элчи Эдил Байсалов экс-депутатты коомду түштүк-түндүккө бөлгөнү боюнча айыптап, соцтармактардан салам жолдогон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ