Бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге атайын багыттагы “Альфа” түзүмүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбековдун өлүмүнө шек саналып жатканы жөнүндө маалымдама берилген. Мындай маалыматты Ички иштер министрлиги бүгүн, 18-декабрда таратты.
Алардын маалыматына караганда, Алмазбек Атамбаевге Жазык кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча анын адвокаты Сергей Слесаревдин катышуусунда бүгүн, 18-декабрда маалымдама тапшырылган.
Эске сала кетсек, 7-августта Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин хан сарайында аны кармоо операциясын УКМК жүргүзгөн. Бирок, ал ишке ашпай калган, ортодо кагылышуу болуп, бир офицер каза болуп, эки жүздөн ашуун адам жабыркаган. Эртеси, 8-августта андагы ИИМ министринин орун басары Курсан Асановдун сүйлөшүүсү менен Атамбаев колго түшүп берген. Ага оор берене тагылып, учурда сот жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ