Россиядан Кыргызстанга акча которуудагы чектөөнүн көлөмү 100 миң рублдан 150 миң рублга чейин көбөйдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, акча которуудагы чектөөгө байланышкан маселе Өкмөттүн демилгеси менен ушул жылдын октябрь айынын аягында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин алкагында Евразия экономикалык биримдигине мүчө-өлкөлөрдүн Премьер-министрлеринин деңгээлинде каралган.
Бул маселенин үстүндө иштөөнүн натыйжасында «Юнистрим» төлөм системасынын Кыргызстанга акча каражаттарын трансчекаралык которуусунун шарттары өзгөртүлдү. Ага ылайык, каражаттын булагын тастыктай турган документтерсиз которуулардын максималдуу суммасы 150 миң рублды түзөт.
Буга чейин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, бул маселенин көпчүлүк биздин жарандардын кызыкчылыгына таасир этерин эске алганда, дал ушундай маселелер Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин аянтчасында чечилиш керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ