Menu

Малайзиянын мурдагы элчиси Кылыч Султанов Малийзияга элчи болуп бара турган Азимбек Бекназаров тууралуу эмнелерди айтты?

Бөлүшүү:

“Супер инфо” гезитинин ээси, Малайзиянын мурдагы элчиси Кылыч Султанов “Азимбек Бекназаровдун Элчи болуп дайындалышы тууралуу” аталышта өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды.

Анда ал: “Биринчиден, Дүйнөлүк практикада, анын ичинде Кыргызстанда дагы элчи кызматы саясый кызмат болуп саналат. Ошондуктан элчилик кызматка кадрдык дипломаттардын дайындалышы да, саясий, маданий ишмерлердин же аскердик адамдардын дайындалышы да кадимки эле көрүнүш экенин моюнга алышыбыз керек жана мунун тегерегинде саясий спекуляция кылуу негизсиз.

Экинчиден, тил тууралуу… Алыска барбай эле ушул Кыргызстандагы чет өлкөлүк элчилердин канчасы кыргыз тилин билет деп айта алабыз? Ашып кетсе 5 пайызы, дагы 50 пайызы орус тилин билиши мүмкүн. Ал эми калгандары англис тилинде алака кылышат.
Ошондуктан Азимбек Бекназаровду малай тилин билбейт деп кодулоо суу кечпейт. Ал эми англис тилин да билбесе, анда сындоого негиз бар.

Чын чынында, элибизди ойлонтуучу эң негизги суроо – чиновник эл үчүн, мамлекет үчүн иштеп береби же жеке кызыкчылыгы үчүн, кандайдыр бир кландын кызыкчылыгы үчүн иштейби? Мына ушул нерсе көңүл бурууга татыктуу эң башкы критерий»,-деп жазды К.Султанов.

Эске сала кетсек, былтыр 18-августта Кылыч Султан Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулган.

Ушул жылдын 17-декабрында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Малайзиядагы элчилик кызматка сунушталган Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин карап, жактырган.

 Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: