Menu

Абдыганы Халилов: “Журналистикага тапшырууну каалагандар дайыма көп”

Бөлүшүү:

–Агай, акыркы кездерде журналистика факультетинде болуп жаткан жаңылыктар тууралуу айтып берсеңиз?

–Албетте, бүгүнкү күндө журналисттик кадрларды заман талабына ылайык,  жаңы багыттар боюнча даярдоо зарылдыгы келип чыгууда. Мына ушуга байланышту биз мындан үч-төрт жыл мурда үчүнчү муундун стандартын иштеп чыктык. Ал билим берүү министрлиги тарабынан бекитилип, азыр Кыргызстандагы журналистика бөлүмдөрү жана факультеттери бар баардык жогорку окуу жайларында ошол стандарт боюнча билим берүү жүргүзүлүп жатат. Албетте, биз бул стандартты иштеп чыгууда ал коңшу мамлекеттерде, айталы, Россияда, Казакстанда, Грузияда жана башка өлкөлөрдө кандай ишке ашырылып жатканын, алардагы жаңы системага өтүү багыттарын, тажырыйбасын карап көрдүк. Жаңы стандартты иштеп чыгуу боюнча топту мен жетектеп, ага республикадагы журналистика факультеттери жана бөлүмдөрү бар жогорку окуу жайлардын тажырыбалуу адистери кирди. Топтун мүчөлөрү бир жумага Грузияга командировкага барып келдик. Ал жерден балония системасына өтүү тажырыйбасын үйрөндүк. Казак туугандардын ушул багытта иштеп жаткан жогорку окуу жайларынын программаларын карап чыктык. Бүгүнкү күндө биз даярдап жаткан кадрларыбыз алган багыты боюнча чыныгы профессионал адис болуп чыгууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул мамлекеттик стандарттын негизинде билим алган студенттердин диплому башка мамлекеттерге барса дагы таанылат.

–Чет өлкөлүк окуу жайлар жөнүндө айтпадыңызбы, алар менен студенттерди алмашуу, окутуучуларды стажировкадан өткөрүү боюнча да байланыштар барбы?

–Биздин КМШ өлкөлөрүнүн бир катар жогорку окуу жайлары менен байланышыбыз бар. Мисалы, Россиянын МГУ, Казакстандын Гумилев, Аль Фараби атындагы университеттери менен. Мезгил-мезгили менен шартка ылайык өзүбүздүн студенттерди гана эмес, жаш окутуучуларыбызды да стажировкага жиберип турабыз. 2014-2015-окуу жылында биздин факультеттен алты жаш окутуучу Гумилев атындагы университетте эки жумалык стажировкадан өтүп, тажырыйба алмашып келишти. Аль Фараби атындагы университитинде өткөн семинарларга, тегерек үстөлдөргө, тренингдерге катышып жүрөбүз. Айтор, тышкы байланыштарбыз мүмкүнчүлүккө жараша жакшы эле.

–Журналистика факультети мурда жалпы профилдеги кадрларды гана даярдаса, азыр гезит, радио, тележурналисттер өз-өзүнчө окутула баштады. Бирок, бөлүнгөнгө жараша материалдык базаңыздар кандай? Айталы, тележурналисттерди окутуу үчүн атайын студия, телекамералар керек дегендей…

–Бизде төртүнчү курстан тарта адистештирип даярдоого өтө көңүл коюлуп, студенттерибизге алар тандап алган адистик боюнча көбүрөөк сабак өтүлөт. Дипломдук ишти да адистешүүсү боюнча жазышат. Акыркы жылдарда дагы бир муктаждыкты эске алып, басмакана иши боюнча да адистерди даярдай баштадык. Мына, сегиз-тогуз жылдан бери заман талабын эске алуу менен факультетибиздин базасында коомчулук менен байланыш жана рекламалык иш деген өзүнчө адистик ачканбыз. Алар биринчи курстан тартып эле өзүнчө топ катары кабыл алынат, алардын окуу программасы өзүнчө түзүлгөн.

–“Кичинекей өлкө үчүн журналист кадрлар өтө эле көп” деген пикирлер бар. Журналисттерди даярдоочу окуу жайлар чындыгында эле көп эмеспи?

–Бир мезгил болду, көп окуу жайлар базасы бар же жок экендигине карабай журналисттерди даярдоочу бөлүмдөрдү ачып алышкан. Республика боюнча он бешке жакын жогорку окуу жайында ачылган. Бирок, акыркы үч-төрт жылдан бери бирин-бири кайталаган, базасы жок бөлүмдөр жабылды. Мисалы, кыргыз техникалык, Каракол, Жалал-Абад  университетиндеги жана башка бир катар ЖОЖдордогу журналистика бөлүмдөрү базасынын жоктугунан улам министрликтин чечими менен кыскарылды. Бүгүнкү күндүн талабына ылайык, кадрларды даярдаш үчүн ошол ЖОЖдо сөзсүз түрдө база, ошол тармак боюнча педагогдук кадрлары болууга тийиш. Жөн эле контрагына кызыгып, ачып алган туура эмес. Эң башкысы, ошол региондо журналисттик адистерге канчалык деңгээлде муктаждык, талап бар, мына ушул жагы да эске алынышы керек.

–Сиздердин бүтүрүүчүлөр канчалык деңгээлде иш менен камсыз болушат. Окуу жай аларды ишке орноштуруу боюнча кандай жардам көрсөтө алат?

–Контракттык негизде окуткан окуу жайлар бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыздоого милдеттүү эмес. Бизге абитуриенттер ЖМКлардын жолдомолорунун  негизинде кабыл алынат. Бир жагымдуу жагдайды айтып коюшубуз керек, биздин журналистика факультетине жыл сайын кызыгуу жогору. Айрым адистиктерге киши толбой калган учурларда да бизге тапшырууну каалагандар дайыма көп. Дагы бир жакшы жагдай, биздин студенттерибиздин көпчүлүгү 4-5-курстарда окуп жатканда эле тигил, же бул редакция менен байланышып, иштешип, окууну бүтө электе эле кызматка кабыл алынган учурлар бар. Статистиканын тили менен айтканда, бүтүүчүлөрүбүздүн 70-75 пайызы өз адистиги боюнча иштеп кетүүгө мүмкүнчүлүк алышууда. Азыркы рыноктук шартта конкуренция баардык багытта болууга тийиш. Журналисттер көп болгону менен бүгүнкү күндө ЖМКлардын саны да көбөйдү. Аларга сөзсүз түрдө профессионал кадрлар керек.

–Агай, мына алтымыш жашка чыгып, торколуу тоюңузду белгилеп жаткан экенсиз. Ушуга байланыштуу сиздин колуңуздан билим алган шакирттериңиздин, жалпы гезит окурмандарынын атынан кутман курагыңыз менен  куттуктап кетким келет. Мен билгенден отуз жылдан ашуун өмүрүңүздү журналист кардарды даярдоого арнадыңыз окшойт…

–Факультетте иштегениме быйыл отуз жети жылдын жүзү болуп атат. Бул мезгил ичинде биздин факульттети жүздөгөн, миңдеген жигит-кыздар бүтүрүштү. Алардын арасынан өз кесибинен баар тапкан мыкты адистер чыгышты. Бүгүнкү күндө алардын аттарын сыймыктануу менен атасак болот. Маселен, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси Султан Раев, ыраматылык Мелис Эшимканов, белгилүү журналисттер Жедигер Саалаев, Бүбүкан Досалиева, Курманбек Рыспаев,  Каныбек Иманалиев, Кайрат Иманалиев, Таалайкүл Чабдарова, Зинакан Кайыпова өңдүү бүтүрүүчүлөрүбүз бүгүнкү күндө бирөө конституциялык палатынын судьясы, бири депутат, бир тобу басылманын редакторлору катары биздин факультетибиздин атагын чыгарышууда. Аларды тарбиялоодо өзүмдүн азыр-көптүр салымым бардыгына сыймыктанам. Педагогдук иштеги бир жакшы, жагымдуу нерсе ушул экен, сенин колуңан билим алып чыккан кадрларың жалпы элдин керегине жарап, элге өзүнүн эмгеги менен таанылса, сен үчүн андан өткөн сыймык, урмат-сый жок деп ойлойм.

Мамат САБЫРОВ

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: