Жыл жаңырганы “Автомобилдик транспорт жөнүндө” жаңы мыйзам күчүнө кирип, оң рулдуу автоунаалар менен коммерциялык максатта жүргүнчү, жүк ташууга тыюу салынат. Мыйзам күчүнө кирсе, эл ташып тыйын тапкан айдоочулар мыйзам сыртында болуп калышы ажеп эмес.
Ошентип мыйзам күчнө кирер алдында депутат Алмазбек Эргешов оң рулдуу автоунааларды пайдаланууну дагы беш жылга, башкача айтканда, 2025-жылдын 1-январына чейин узартуу демилгеси менен чыкты. Анын айтымында, анткени азыркы нормалар коррупцияга да жол ачып коюшу мүмкүн. Депутат иштеп жаткан мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ