Menu

“Кожобекке 1 сом” акциясы бүгүн “Ош” базарында уланаарын журналист айтса, депутат ал акчаны кимге берээрин айтты

Бөлүшүү:

“Ачык саясат плюс” гезитинин ээси жана редактору Назгүл Мамытова бүгүн, 20-декабрда “Кожобекке 1 сом” акциясы уланаарын “Фейсбуктагы” баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды.

“Урматтуу кесиптештер жана жалпы кыргызстандыктар! Сиздердин колдооңуздарга терең ыраазычылык билдиребиз! “Ачык саясат плюс” гезитин Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевдин айбатынан сактап калуу үчүн өлкөнүн бардык аймактарынан байланышка чыгып, “Кожобекке 1 сом” акциясына катышып жардам беребиз деп жатышат. Америкадагы жана Орусиядагы мигранттар ЭЛСОМ кызматын ачууну сунушташты. Кечээтен бери 4 000 сомдон ашык акча каражаты чогулду. Окурмандар, сөз эркиндигине кайдыгер карабаган жарандарыбыз редакцияга келип 1 сомдон берип кетип жатышат. 20-декабрдан баштап редакция кызматкерлери “Кожобекке 1 сом” акциясын Ош базарында улантабыз!”,-дейт Н. Мамытова.

Ал эми депутат Кожобек Рыспаев болсо, буга чейин ал акчаны алып, кимге берээрин өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирген.

Эске сала кетсек, Кожобек Рыспаев былтыр, август айында гезитти «Кожобек Рыспаевди иттен чыгарып коюшту» деген макаласы боюнча «ар-намысыма шек келтирди» деген айып менен Октябрь райондук сотуна арыз менен кайрылып, алардан 300 000 сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: