Бул тууралуу 20-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарынын тургуну Виктор Гавришев www.vb.kg сайты аркылуу өлкө башчысыныа кайрылып, Ш.Айтматованын жолдошу С.Кенжебаев аркылуу Орусия жараны С.Богданов жана Бишкек ИИБисинин тергөөчүсү У.Баялиев 2013-жылы ага карата жалган кылмыш ишин козгонун жазып чыкты.
Ал факт боюнча, 2013-жылы Е.Гавришев жана аттары такталбаган жарандар тарабынан Кыргызстанга 808 миң 932 долларды түзгөн 810 даана спутник телефондору киргизилип, 20 млн 245 миң 909 сом бажы төлөмү төлөнбөгөн. Иш 2013-жылы сентябрда ИИМдин тергөө кызматына берилет. 2019-жылы 19-февралында Е.Гавришев “Манас” аэропортунан кармалган. Бул президентке кайрылуу жасаган Виктор Гавришевдин уулу. Уулун дал ушул Ширин Айтматовдун жолдошу С.Кенжебаев атайын уюштуруп, карматкан имиш. Бул иш боюнча да С.Кенжебаевге карата соттук өндүрүшкө чейинки кылмыш иши иликтөөгө алынды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ