Menu

“Жол кирең жок” деп окуучуну керектүү аялдамадан түшүрбөй койгон айдоочуга кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

“Жол кирең жок”деп окуучуну керектүү жерден түшүрбөй,  1,5 чакырымга чейин алып кеткен Бишкектеги № 7 автобустун айдоочусуна сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, айдоочунун окуучу балага болгон мамилеси Аламүдүн районунун милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси менен каттоого алынып, тергөө иштери башталган.

Эске сала кетсек, кечээ, 20-декабрда №7 автобустун айдоочусу мектептен жол киресин жоготуп алган окуучунун абалын түшүнбөй, аны келип калган жериндеги аялдамадан түшүрбөй, орой мамиле жасап, Пригородное айылына алып кетип калганы белгилүү болгон. Суукта калган бала үйүнө жөө, аябай кеч барган. Бул факт боюнча мэрия айдоочу иштен алынганын маалымдаган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: