Menu

Видео – Эми Кыргызстанда адам укугун бузган мамлекеттик кызматкерлер “Акуновдун тизмесине” киргизилип, дүйнөгө жайылтылат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-январда Бишкекте Кыргызстандагы Саясый туткундарды коргоо комитети менен Сөз эркиндигин коргоо комитети биргелешкен жыйын өткөрдү.  Анда Атамбаевдик режим абакта кармап жаткан саясый туткундардын абалы, жабык эшик артында өтүп жаткан сот процесстери, Атамбаевдик авторитардык режим менен мындан ары күрөшүү жолдору талкууланды.

Жыйындын аягында адам укуктарын бузган мамлекеттик чиновниктерди “Акунов тизмесине” киргизип,  кыргыз коомчулугуна, дүйнө элдерине жайылтуу  чечими кабыл алынды. “Акунов тизмесине” кирген чиновниктерге дүйнөлүк өнүккөн өлкөлөр өз санкцияларын киргизүүсү суралат.

Кыргыз жараны Бектемир Акунов 2007-жылы бийликке каршы митингдерге катышканы үчүн Нарын милициясы камакка алып, уруп-сабап өлтүрүп коюшкан. Анын уулу Урмат Акунов баштаган туугандары кыргыз сотторуна кайрылып, райондук соттон Жогорку сотко чейин арызданып адилеттүү чечим ала алышкан эмес. Бектемир Акуновду өлтүргөн милиционерлер татыктуу жазага кириптер болушпады. Ошондон кийин туугандары ООНдун адам укуктары комитетине арызданышып, ал жактан “Бектемир Акунов айыбы жок жерден камалып, уруп-сабалып өлтүрүлгөн. Кыргыз бийлиги адилеттүүлүктү калыбына келтириш керек. Акуновдун өлүмүнө күнөөлүү болгондор жазаланууга тийиш” деген чечим чыккан.

Мындан ары Кыргызстандын Саясый туткундарды коргоо комитети менен Сөз эркиндигин коргоо комитети Кыргызстанда адам укугун бузган мамлекеттик кызматкерлерди “Акуновдун тизмесине” киргизип, дүйнөгө жана кыргыз коомчулугуна жайылтып турат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео: ResPublica

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: