Menu

Кубанычбек Кулматов, экс-мэр: «Мени 15 жылга кескенден көрө атып эле салгыла, 15 жылдан кийин мен үй бүлөмө да керегим жок болуп калат”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-декабрда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлерге байланыштуу сот отуруму уланууда. Бүгүнкү сотто айыпталуучулар Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго акыркы сөз  берилип, сөз сүйлөштү.

Кубанычбек Кулматов баштагы эле сөзүн кайталап, күнөөлүү эместигин айтты. «Мени эмнеге айыптап жатканын билбейм? Бул опуза сот. Мурунку мэрлердин соту – бул театр. Прокурор бизге 15 жыл сурап жатат. Мен азыр 57 жаштамын. 15 жылга кескенден көрө атып эле салгыла, 15 жылдан кийин мен үй бүлөмө да керегим жок болуп калат », — деди ал.

Ага чейин сүйлөгөн Албек Ибраимов да ага коюлган айыпты четке кагып, саясий буйрук экенин айтып, мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен бирге иштегенине сыймыктанаарын билдирген.

Учурда судья өкүм чыгаруу үчүн жыйын бөлмөсүнө кирип кетти. Буга чейин  прокурор Кулматовду 15 жылга, Ибраимовду 20 жылга кесүүнү сураган.

Эске сала кетсек, Кубанычбек Кулматов «Бишкектеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга бөлүнгөн 2 миллион долларды максатсыз пайдаланып, жемкорлукка барган» деген айып менен камалган. Ал эми Албек Ибраимов «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айып менен камалган. Бирок, экөө тең мындай айыпты четке кагып келет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: