Menu

Видео – Равшан Жээнбеков 2020-жылдын 9-февралына чейин камакта калды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунда экс-депутат Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арызы каралып, өзгөртүүсүз калтырылды. Шаардык сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Соттун мындай чечимине саясатчынын адвокаты Замир Жоошев нааразы болуп, негизсиз жана мыйзамсыз деп атады. Равшан Жээнбеков өзүнө коюлган күнөөнү мойнуна албай турганын, бул бийликтин буюртмасы экенин айтты.

Аны төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Эске сала кетсек, 14-декабрда, Биринчи Май райондук сотунда Равшан Жээнбековдун  баш коргоо чарасы каралып, 2020-жылдын 9-февралына чейин СИЗО-1де кармоо чечимин чыгарган.

 Равшан Жээнбеков 12-декабрда ИИМге суракка чакырылып, ага Кой-Таш окуялары боюнча “Барымтага алуу” жана “Массалык башаламандыкты уюштуруу” беренелеринин негизинде шектүү катары камакка алынган. Дал ошол күнү Жогорку Кеңеште 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу угулуп, бир топ адамдын аты аталган. Алардын арасында Равшан Жээнбеков да бар болчу.

Равшан Жээнбеков 7-8-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгон. Ал боюнча буга чейин ИИМге суракка чакырылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: