Menu

Бишкек шаарында баңгизатты жарнамалаганга Орусия буйрутма бергенби?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-декабрда ИИМдин коомдук кеңешмесинин отуруму болуп, анда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын уюштуруу-аналитикалык башкармалыгынын башчысы Айдар Шигаев Бишкек шаарында баңгизатты жарнамалагандар табылганын билдирди.

Анын айтымында, алар ачык жарнамага тез реакция кылып, мэрияга кайрылып, аны илинген жеринен алдырышкан. Ага күнөөлүүлөр табылып, буйрутма Орусиядан берилгени аныкталган.

Ал эми ИИМдин башчынын орун басары Мирлан Каниметов бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатканын айтты.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарындагы Курманжан датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде баңгизатты жарнамалаган баннер илинген. Анын сүрөтү социалдык тармактарга тараган. Коомчулук капаланып, катуу сынга алгандан кийин, ал баннер алынган.

Жетекчилик тез реакция кылса эле терс көрүнүштөр жок болот экен. Кечээ журналисттер жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков: “терс көрүнүштөргө тез реакция кылабыз, аны чечкенге аракет кылабыз”,-деди эле.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: