Menu

Кулматовдун эркиндикке чыгышы, АШАнын көпкө олтурбашынан кабар береби?

Бөлүшүү:

Коррупция менен шектелип камалган Бишкек шаарынын мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго карата Ленин райондук сотунда өкүм чыкты. Бирдей берене менен айыпталып олтурган экс-мэрлерге эки башкача өкүм чыкканы көп талаштуу суроолорго жем таштады. Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискациялана турган болсо, Кубанычбек Кулматов 5 мдн сом айып төлөй турган болуп, сот залынан бошотулду. Кубанычбек Кулматовду орустардын таасири темир тор артынан сактады деген сөздөрдүн чындыгы барбы? Ушул логика чындыкка дал келип жатпайбы. Кулматов Россиянын жараны экендиги ушуну менен ачыкталабы? 2010-жылдагы революция үчүн каржыны Кулматов аркылуу орустар алып келгенин соттун чечими ырастайбы? Кубанычбек Кулматов эркиндикке чыгарсаңар Россияга кетип калам деп бийлик менен сүйлөшүү жүргүзгөнү чынбы? Кремль Кулматовдон кийин Атамбаевди дагы эркиндикке чыгарууга же жашыруун алып чыгып кетүүгө даярданып жатканы тууралуу сөздөр бекер эмеспи? Орустардын кишиси делген Кулматовдун сот залынан бошотулушу, Атамбаевдин камакта көпкө олтурбай турганынан ачык кабар береби? Бул суроолордун жообу дагы жакында билинет. Кимдин таасири астында сот чечимдери чыгып жатканын убакыт келгенде угабыз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: