ЖК депутаты Канатбек Исаев «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди сындады. Депутат Кыргызстанда президенттер ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланышына шарт түзгөндөрдүн бири Текебаев экенин “Kabarlar.kg” сайтына маек берип жатып билдирди.
Анда ал: “Конституцияны Өмүрбек Чиркешович өзү жазган. Керек болсо президенттер бүгүнкүдөй ашыкча укуктарга ээ болушуна Текебаевдин өзүнүн салымы чоң. Биз президенттин укуктарын азайтабыз десек муну эл чечиши керек. Азыр президент тышкы саясатты аныктайт, башка маселелерге да жооптуу”, – деген.
Эске сала кетсек, Өмүрбек Текебаев Сооронбай Жээнбековдун пресс-конферециясы боюнча сын айтып, президент премьер-министрдин ыйгарым укуктарын алып алганын айтып, аны Баш мыйзамды бузбоого чакырып, бийликти мыйзамдын чегинде иштөөгө үндөгөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ