Чүй облусундагы Аламүдүн районунда уурулукка шектелип жаш жигиттер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, 14-декабрда Маевка айылынын тургуну, 48 жаштагы аял арыз менен милицияга кайрылып, үйүнө терезеден уурулар кирип, ноутбук, алтындарын уурдап кеткенин, ага уурулар 50 миң сом материалдык зыян келтиргенин айтып, аларды таап, чара көрүүнү өтүнгөн.
Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексиндеги 200-берене (уурулук) боюнча катталып, шектүү катары төрт жигит кармалып, алар мындан башка дагы кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталган. Алар: 21 жаштагы У.И., 23 жаштагы Ш.Т., 22 жаштагы Т.Б. 21 жаштагы Ж.М. Уурулар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ