Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Минск шаарына (Беларусь Республикасы) иш сапарынын жүрүшүндө Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Беларусь Республикасынын Президенти эки мамлекеттин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташуунун ырааттуу өнүгүүсүн белгиледи.
Өз кезегинде Өкмөт башчы Кыргыз Республикасы Беларусь Республикасы менен достук жана өз ара кызматташтык мамилелерге өзгөчө маани берерин баса көрсөттү.
Жолугушууда Кубатбек Боронов эки жактуу соода-экономикалык кызматташууну күчөтүүнүн, товар жүгүртүүнү бир кыйла көбөйтүүнүн, инвестициялык өз ара иштешүүнү өркүндөтүүнүн, эки өлкөнүн кызыкчылыгындагы долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө айрыкча көңүл бурдурду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ