Menu

Бүгүн ажылык сапарына баруучу зыяратчыларды каттоо аяктайт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-декабрь күнү ажылык сапарына баруучу зыяратчыларды каттоо аяктайт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

2020-жылдагы ажылык сапарына баруучу талапкерлерди каттоого алуу электрондук (Eid) ID-карт паспорттун негизинде бүгүн, 2019-жылдын 30-декабрында саат  17:00гө чейин жүргүзүлөт. Талапкерлер Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда, РСК банкына төлөнгөн алгачкы 500 АКШ доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынмакчы.

Талапкерлерди Ажылык серверге аймактык кезекке тургузуу бир гана алгачкы төлөгөн 500 АКШ доллар квитанциясынын негизинде жүргүзүлөт.

Электрондук каттоого катыша турган ажыга баруучуларга коюлган талаптар:

1.2020-жылы Ажылыкка каттоо тартиби бир гана электрондук (Eid) ID-карт паспорттун негизинде жүргүзүлөт.

2.Ажылык наркынын ичинен (калькуляцияда көрсөтүлгөн) алдын ала 500 АКШ доллар РСК банкына (ажылык-2020 счетуна) төлөгөндүгү тууралуу квитациянын түп нускасы.

3.Ажылыкка катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн РСК Банкына (ажылык-2020 счетуна) төлөнгөн (700сом) квитациясынын түп нускасы.

4.Ажылыкка баруучунун жашаган жериндеги учету 2019-жылдын 1-августунан кем болбоосу шарт. (Эски паспорттун мөөнөтү бүтүп алмаштыргандан башкасы).

5.Тышкы паспорту. (электрондук (Eid) паспорт менен тышкы паспорт бир баракка көчүрүлүүсү зарыл). (Тышкы паспорттун жарамдуулук мөөнөтү 2021-жылы 31-январь айына чейин бүтүүсү жараксыз).

6.Аял киши үчүн махрамдын болуусу шарт. (Күйөөсү менен барса нике күбөлүгү ал эми махрамы менен барса туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат). 1975-жылы май айында төрөлсө метирке же нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү талап кылынат, ал эми июнь айында төрөлсө документтин түп нускасы талап кылынат.

7.(3х4) көлөмүндөгү 4 даана сүрөт. (Сүрөт түстүү, ак фондо, жылтырабаган (матовый) кагазда болуусу шарт). (Аялдар үчүн сүрөткө ак жана кара жоолук, ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт). (Фотошоп программасы менен оңдолуп-түзөлгөн сүрөттөр жараксыз деп таанылат).

8.№086у формасындагы медициналык справка.

9.Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун берген катка кол коюу. (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу)

10.Келишимге кол коюу жана Ажылык серверге киргизүү. (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).

11.Ажылык визасын алуу үчүн анкетага кол коюу. (Тышкы паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).

12.Ажыга баруучунун кийим размери жана жеке телефон номери, каттап жаткан операторго берүүсү талап кылынат.

13.Ажылыкка баруучу жарандын жашы 18 жаштан төмөн болбоосу шарт. (2020-жылы 18 жашка толуучу жарандар ажыга барууга укуктуу).

14.Сауд Араб Падышалыгы тарабынан же САПтын ажылык базасынан (Масар электрония), виза алуу учурларда, мурда ажыга барган талапкерлерге калькуляциядан тышкары кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажыга баруучу талапкер өзү төлөйт. (Бул маалыматты операторлор, мурда ажыга  барган ар бир ажыга баруучуга  тааныштырып, келишимге кол койдурат).

Эскертүү:

–  2020-жылы ажылыкка баруучу жарандар КМДБ тарабынан жарыяланган мөөнөттүн ичинде каттоодон өтүүсү тийиш. Андан кечиккен жарандар каттоого алынбайт.

– Жогорудагы талаптар өзгөртүлсө же кошумчаланса маалымдайбыз.

Маалымат алуу үчүн сурап билүү телефону: 0778 48 61 67,  0558/0708 48—61—67

Тел/факс: 0312 48—61—67    

Э-почта: [email protected]

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: