Бүгүн, 31-декабрда, Ала-Тоо аянтында майрамдык кече болуп, 800 миң сомдук салюттар атылат. Бул тууралуу социалдык маселелер боюнча вице-мэр Татьяна Кузнецова кечээ, 30-декабрда журналисттерге билдирген.
Анын айтымында, жаңы жылдын түнүндө, Ала-Тоо аянтында концерттик программа болот, фейерверк атылат, бирок, ал экологияга зыян келтирбей турган бийиктикте атылат.
Эске сала кетсек, буга чейин мэрия жаңы жылдагы Ала-Тоо аянтында майрамдык программа уюштурулаарын, анда салют атылаарын, ага 800 миң сом бөлүнгөнүн, тендер өткөрүлүп, жеңүүчү аныкталган маалымдаган. Аны уккан коомчулук аба булганаарын айтып, каршы чыгышкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ