Бишкек шаарында балдар арасында шахмат боюнча республикалык чемпионат кечээ, 3-декабрда башталган. Ал 12-январда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат. Чемпионатка эки жүздөн ашуун (6 жаштан 18 жашка чейинки) кыздар, балдар катышууда. Чемпионаттын максаты – жаштардын спорттук чеберчилигин өстүрүү жана дени сак жашоого үгүттөө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ