Menu

Бишкектеги инфекциялык ооруканада медициналык кызматкерден коронавирус табылды

Бөлүшүү:

Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгеринде коронавируска тапшырган тестинин натыйжасы оң натыйжа көрсөттү. Бул тууралуу инфекциялык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев журналисттерге билдирди.

Анын айтымы боюнча, мекеменин кызматкерлеринин арасында биринчи жолу коронавирус табылган. 

“Ал дарыгер-инфекционист. Бир анализи терс, экинчиси оң болду. Биз аны дароо изоляцияга алдык. Эч кандай даттануусу жок. Оорунун клиникалык белгилери жок. Дарыгер диагнозду тактоо үчүн дагы бир жолу анализ тапшырат. Дарыгер изоляцияда үчүнчү күн жатат” – деп билдирди Гүлжигит Аалиев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 1016 адамдан коронавирус табылган. Алардын ичинен 688и оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылган. 12 жаран оорудан улам каза болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: