Кой-Таш окуясы боюнча камй камагындагы Кундуз Жолдубаеванын үйү, абактагы Равшан Жээнбеков менен Мээрбек Мискенбаевдин туугандарынын мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Кундуз Жолдубаева журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Равшан Жээнбеков менен Мээрбек Мискенбаевдин өздөрүнө катталган мүлкү жок болгондуктан, алардын туугандарынын мүлкү камакка алынган. Бул тууралуу токтом 30-декабрда чыккан. Асел Кодуранованыкы азырынча белгисиз.
Буга чейин Ирина Карамушкинанын мүлкү камакка алынганы кабарланган.
Эске сала кетсек, 27 декабря Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кундуз Жолдубаеванын, Ирина Карамушкинанын, Асел Кодурановен жана Мээрбек Мискенбаевдин баш коргоо чарасы каралып, биринчи үчөөсү үй камагына, ал эми Мискенбаев Бишкек СИЗОсуна камакка алынган. Алардын баарына «барымтага алуу», «массалык башламандыкты уюштуруу» жана «бийликти күч менен басып алуу үчүн кутум уюштуруу» айыптары тагылган.
Төртөө былтыр, 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяга катышкан. Тагырагы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында Атамбаевди кармоо окуясына күбө болгон төртөө буга чейин далай жолу суракка алынган. Жыйынтыгында, баарына оор берене менен кылмыш иши козголуп, үч аял үй камагына чыгып, Мискенбаев темир тор артында калды.
Булак: КыргызТодай.кг
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ