Menu

Оштон 10 жылкы уурдап, Чүйдүн мал базарларына жүктөп бараткан уурулар кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 4-январда таңкы саат 05:00 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам жүргүзүлгөн иш аракеттеринин натыйжасында Бишкек шаарына 10 бээни жүк ташуучу автомашинага жүктөп алышып бара жатышкан мал уурулардан турган топту кармашты. Бул тууралу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Кармалгандар 1999-жылы туулган Б.Т, 1978-жылы туулган М.К, 1996-жылы туулган К.А. жана 1993-жылы туулган С.Ж. Акыркы аты аталган 1993-жылы туулган жаран гана соттолгон эмес. Калгандары бир нече жолудан соттолуп чыгышкан.

Бирөөсү Ош шаарына караштуу Алмалык айылынын тургуну, үчөөсү Ноокаттыктар.
Уурулардан алынган жылкылардын айрымдары ээлерине кайтарылып берилип жатат. Алар убагында жылкыларын жок кыла электе ууруларды кармап калышкандыктары үчүн милиция кызматкерлерине ыраазычылыктарын айтышты. Негизинен жылкы ээлери Ноокат районунан келишүүдө.
Ал эми шектүүлөр ал жылкыларды кышкы жайыттан уурдап кетишкендиктери тууралуу көрсөтмө берип жатышат.
Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, бул топ уурдалган жылкыларды Чүй облусунун мал базарларынын биринде сатууну же этке өткөрүүнү пландаштырышкан.

Учурда кармалышкандар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Топтун башка ушул сыяктуу кылмышка тиешеси бардыгын же, жоктугун тергөө амалдары аныктайт. Бул багытта Ош облустук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте иш алынып барылууда.
Бүгүн Ош шаардык соту шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: