Menu

Катуу сабалган дарыгердин оң көзү көрбөй калды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Наманган облусундагы Үч-Коргон райондук ооруканасынын дарыгери Одилжон Кулдошевди бейтаптардын биринин тууганы сабап, бир көзү көрбөй калды. Бул тууралуу Өзбекстандын ММКлары жазып чыкты.

Алар жазганына караганда, бул окуя 2-январда кечинде болгон. Ооруканага жеткирилген бейтаптардын биринин агасы жаңжал чыгарып, дарыгерди оң көзгө катуу уруп жиберген. Жабырлануучуга тез жардам чакырылып, ооруканага жеткирилген. 3-январда, эртең менен ага оор операция жасалганы менен анын оң көзү көрбөй калган.

Бул факты “адамга кол салуу” беренеси боюнча катталып, дарыгерди сабаган адамга кылмыш ишин козголуп, 30 жаштагы жергиликтүү тургун кармалып, тергөө абагына киргизилген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: