Казакстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук кылган адамдарга жаза татаалдаштырылды. Бул тууралуу Казакстандын ММКлары жазып чыкты.
Алардын жазганына караганда, буга чейин үй-бүлөгө тынчтык бербеген адамга айып пул гана салынып келсе, эми (2020-жылдан баштап) алар камалат. Бул тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жабырлануучунун денесине жеңил залака келтирген адам 15 суткага камакка алынат же эскертүү берилет. Кол көтөрүп, ден соолугуна зыян келтирсе, 10 суткага камалат же эскертүү берилет. Зордук-зомбулуктар кайталана берсе, эскертүүсүз 20 суткага камалат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ