Menu

Бүгүн Бишкектин көчөлөрүнө жана тротуарларына 292 тонна туз себилди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-январда эртең менен Бишкектин көчөлөрүнө жана тротуарларына 292 тонна туз себилди. Акыркы суткалардын ичинде бардыгы 587 тонна туз себилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, көчөлөрдү тазалоого атайын 33 техника тартылган.  Андан сырткары Бишкек шаары боюнча 663 көчө шыпыргыч, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын 117 жүк ташыган жана 100гө жакын таштанды чогулткан жумушчулары штаттык режимде иштеп жатышат.

Жолдорго жана тротуарларга туз себүү иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Борбордун көчөлөрүн жана тротуарларды кар, муздардан тазалоо боюнча кайрылууларды мэриянын WhatsApp 0554 182 185 номерине жиберсе болот же 1840 жана 1850 номерлерине күнү-түнү чалууга болот.

Эскерте кетсек, даттануулар же сунуштар болсо Бишкек шаарынын төрт районунун акимдеринин орун басарларына төмөнкү номерлерге сүрөттөрү менен чогуу жиберүүгө болот:

-Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0550 997 927;

-Турсалиев Алмаз Жакыпбекович (Октябрь району) — 0 772 192 074;

-Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи май району) — 0555 666 096;

-Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: