Кара-Жыгач айылында мас айдоочу 27 жаштагы жигитти сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББи билдирди.
Алардын айтымында, жекшемби, 5-январь күнү саат 05:00 чамасында Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында мас айдоочу батыштан чыгышты көздөй бара жатып, адамды сүзүп кеткен. Кырсыктан алган жаракатынан улам 1992-жылы туулган К.Э. аттуу жаран жеринен каза болгон. Ал жогоруда аталган айылдын тургуну экенин белгилүү болгон.
Ошол эле күнү саат 9:00дө Аламүдүн райондук ИИББнин кызматкерлери ВАЗ-21015 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун кармашкан. Териштирүү учурунда ал дагы Кара-Жыгач айылынын тургуну экени аныкталган.
Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Айдоочу Бишкектин убактылуу кармоочу жайга камалып, автоунаа унаа токтотуучу жайга киргизилди.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ