Menu

Австралиядагы өрт 1 миллиарддан ашык жан-жаныбарды жок кылды

Бөлүшүү:

Австралиянын токойлорундагы жалындаган өрттүн кесепетинен 1 миллиарддан ашык жан-жаныбар өлдү. Бул тууралуу РИА Новости Сидней университетинин маалыматтарына шилтеме берип жазып чыкты.

Алардын айтымында, изилдөөлөрдү профессор Крис Дикман жүргүзгөн. 800 миллиондон ашык жаныбар Жаңы Түштүк Уэльс штатындагы өрттөн жабыр тартканын профессор аныктаган. Ал эми өлкө боюнча жок болгон жаныбарлардын саны 1 миллиарддан ашкан.

Австралиядагы өрттүн натыйжасында 5 миллион гектардан ашык жер күйүп, акыркы айлардагы тилсиз жоо 17 адамдын өмүрүн алып кеткен.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын сентябрь айында Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс штатында тутанган өрт миллиондогон гектар жерлерди жалмап, 20га жакын адамдын өмүрүн алып, миңдеген турак-жайларды күлгө айланткан.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: