Бүгүн, 9-январда Бишкектин 12-кичирайонунан Көлмө конушуна каттаган N5-автобустун жабылып, иштебей калышына каршы болгон жарандар нааразы болуп, маалымат жыйын өткөрүшүүдө.
Юрист Бактыбек Маматовдун айтымында, юридикалык жактан алганда, 5-автобустун токтоп калышында кызматкерлердин укугу бузулган. Алар жумушсуз калган. Автобусту токтотууга негиз жок.
Ал эми демилге топтун кызматкери Каныбек Иманкуловдун айтымында, 5-автобус окуучу балдарга абдан керек. Кышында аларды маршруткалар албайт.
“Президент быйыл “Балдар жылы” деп жарыялады. Биз аны колдойбуз. Балдарды колдоо үчүн Көлмө конушуна N5-автобусту жүргүзүү керек! Каникул бүтүп, сабак башталганча автобусту жүргүзүү зарыл”, – деди Каныбек Иманкулов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ