Menu

Кыргызстандык мугалимдер Японияда акысыз окуудан өтө алат – Талаптар

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы мектептердин башталгыч жана орто класстарынын мугалимдери Япония өкмөтүнүн бир жылдык агартуучулук программасына катыша алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-февраль күнү билдирди.

Программа “Жаш окутуучулар үчүн” деп аталат.

Талаптар:

-35 жаштан жогору эмес;

-жалпысынан беш жылдан кем эмес мугалимдик тажрыйба.

Япон тилин кошумча үйрөнүүгө муктаждар Японияга барган соң алты ай ичинде курска катышат.

Талапкерлер билдирме-анкетаны 2020-жылдын 28-февралына чейин (жума күнү) Япония элчилигине бериши керек. Дареги: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү 16.

Талапкерлерди тандоо эки этап менен өтөт:

Жазуу жүзүндөгү тест – 2020-жылдын 4-марты.

Маектешүү – 2020-жылдын 11-марты.

Эки сынак тең Адамзатты өнүктүрүү боюнча кыргыз-япон борборунда өтөт.

(Дареги:  Бишкек шаары, Турусбеков 109, Ж. Баласагын атындагы КУУ, 7- корпус, 2-кабат).

Жогорку окуу жайлардын окутуучулары бул программага катыша албайт.

Кенен маалымат жана керектүү документтерди шилтемеден таба аласыз

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: