Menu

Кыргыз балбандарын эл аралык аренага тааныткан СССРге эмгек сиңирген машыктыруучу Александр Ремезов 80 жашка чыкмак

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-январда даңазалуу  устаттардын бири, эркин күрөш боюнча  Кыргызстандан биринчи болуп СССРге эмгек сиңирген машыктыруучу наамына ээ болгон жана Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Александр Ремезов көзү тирүү болсо 80 жашка чыкмак. Кыргызстандык балбандарды дүйнөлүк аренага таанытып, СССРдин, дүйнөнүн жана Европанын чемпиондору В. Соколов, А. Мишуров, М. Костопуло, С. Зыков,  М.Турганбаев, В. Верхушин, П.Толсокулаков, эл аралык жана союздук турнирлердин жеңүүчүлөрү Ш. Касенов, А. Фоменко, В. Гуков, Ш. Рахматуллин, Ж. Бекбоев жана башкаларды тарбиялаган атактуу устат тууралуу спорттук баяндамачы Кабыл Макешов учкай баяндайт.

Легендарлуу устат Александр Иванович Ремезов 1940-жылы 9-январда Россиянын Саратов шаарынын четиндеги Саратов айылында туулган. Кыргызстанга үй-бүлөсү көчүп көчүп келгенден кийин  аларТокмок шаарында жашап калышат. Атасы Иван жамааттык чарба курулушунда иштеген. Ал эми чоң атасы Улуу Ата мекендик согушта баатырларга каза болгон. Александр мектепте окуп жүргөндө эле спорт менен алектене баштаган. Биринчи ал жеңил атлетика менен машыкса, анда кийин күрөшкө кызыкдар болгон. Анын  келечектеги машыктыруучулук шыгы өспүрүм чагында эле ойгонуп, балдарды чогултуп, күрөш залын уюштуруп, өз алдынча курбуларын машыктыра баштаган. Мектепти аяктагандан кийин советтик армиянын катарына чакырылып, Тынч океан деңиз флотунда суу астындагы кемеде 4 жыл жоокердик кызмат өтөгөн.

Спорттук машыгууларын Александр үзгүлтүккө учуратпай,  бирок аскер деңиз флотунда күрөш менен алектенүү бир топ түйшүктөрдү жаратты. Бул аскердик кызмат ар дайым куралдуу күчтөрдүн арасында ар түрдүү мелдештер, биринчиликтер ​​жана чемпионаттары менен коштолуп, мыкты спортчулар иргелээри белгилүү эмеспи. Ошондуктан  чымыр денелүү, күрөш менен машыккан Александр дароо командирдин назарына илинип, спорттук иш-чараларда флоттун намысын коргой турган спортчу болуп калды. Ал түгүл кемедеги матрос жоокерлерди дагы эркин күрөш менен машыктырып, устаттык милдетти дагы аркалады. Анын спорттук ийгиликтери дагы флотто кызмат кылып жүргөн учурда башталып, “ СССР спорт чебери” деген ардак наамга да ээ болуп, союздук аренада таанылды.

Эки жылдан кийин флотко кызмат кылууга келген жердеши Жекшен Карагулов менен таанышып, экөө бирге машыгып жүрүштү. 1962-жылы, алар  Камчатка флотунун биринчилигинде баш байгени утуп, Тынч океан флотунун чемпионатында алтын жана күмүш медаль тагынып, адистердин көңүлүн бургандыктан суу астындагы кемеде кызмат кылбай ошол учурда Владивосток шаарында ачылган спорт ротанын катарында кабыл алынып, СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн чемпионатына даярдык көрө баштаган.  Кийинчерээк СССР Куралдуу Күчтөрүнүн чемпионатында Александр Ремезов коло медалга ээ болсо, Жекшен Kaрагулов 7-орунга илинген. 1963-жылы Александр жоокердик милдетин өтөт бүтүп, Кыргызстанга сапар алса, ал эми Жекшен Карагулов 1965-жылга чейин эки жолу СССР Куралдуу Күчтөрүнүн чемпионатында алтын медаль тагынып, чемпион аталган. Ошентип эки жердештин спорттук, машыктыруучулук жолу алыскы чыгыштан уланып, достук мамилелери кийин дагы уланган. 

 Аскер деңиз флотунан Александр Ремезов такшалган балбан катары таанылып, чеберчилиги жогорулап келет. Ошол учурда Кыргызстандын чемпионаты өтүп, анда  74 кг салмакта бардык атаандаштарын артыкчылык менен утуп, өлкө чемпиону аталат. 

 1963-жылы жогорку билим алуу үчүн Александр Ремезов Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна кирип, бирок ал күндүзгү бөлүмдө  толук окубай, 3-курстан баштап сырттан бөлүмүнө которулат. Себеби, ал армияга кызмат өтөөр алдында үйлөнгөндүктөн үй-бүлөсүн багуу үчүн иштөөгө туура келген эле. 

 Кыргызстандагы эркин күрөштү өнүктүрүүнүн башатында турган Петр Иванович Лисичкин ошол учурда “Алга” спорт коомунун төрагасы Эшим Kутманалиевге барып,  Александрды машыктыруучу кылып кызматка алуусун суранган. Эшим Кутманалиев дароо макул болот. Ошол учурда Александр ата-энесинен бөлүнүп, үй-бүлөсү менен батирде турган учуру эле. 

Петр Иванович Лисичкин менен Эшим Kутманалиевдин демилгеси менен Александр “Инструментальшик”  стадионундагы спорт залда иштеген Александр Натальченко менен бирге балдарды машыктыра баштайт. Александр Ремезов Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун 1969-жылы ийгиликтүү аяктап,  Логиненко-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине жакын жердеги Кесиптик кошундар федерациясынын спорт залында балбандарды машыктыра баштаган. Аларга жанаша залда гимнасттар менен оор атлетчилер дагы машыкчу.  Мына ушул залда болочок чемпиондор таалим-тарбия алышып, Александр Ремезовдун күрөш мектеби негизделген. 

-Александр Иванович  Ремезовдун бир уул, бир кызы болуп,  уулу Дмитрий дагы ата жолун жолдоп, эркин күрөш менен машыгып,  Кыргызстандын 5 жолку чемпиону аталып, кийин “Динамо” спорт коомунда  машыктыруучу болгон. Кызы Наталья учурда Москва шаарында жашайт. Ата ордуна ата болуп, багып өстүргөн Валерий Верхушин Европанын жана СССРдин чемпиону болуп, эл аралык спорт чебери катары таанылып, мыкты балбандардын катарында турган.  Кийин Германияга келишим менен барып, Германиянын чемпиону да болгон. Менин дагы спорттук ийгиликтерге жетүүмө устаттарым Сарыгул Чекиров менен Александр Ремезовдун салымы зор, -дейт ардагер спорт чеберлери арасында дүйнө чемпиону, Кыргызстандын эркин күрөш федерациясынын президенти, милициянын генерал-майору Мелис Турганбаев

Кыргыз Республикасынын Олимпиадачылар ассоциациясынын президенти, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, СССР спорт  чебери Шаршен Касенов устаты Александр Ремезовду мындайча эскерет:- Ал абдан адилет, чынчыл, мээнеткеч, айкөл адам эле. Күрөштүн түрдүү ыкмаларын терең билип, ар бир балага өзгөчөлүгүнө, жөндөмүнө жараша жеке мамиле кылып, талапты катуу коюп, бийик маскаттарга шыктандырчу. Машыгуу учуру абдан курч мүнөздө өтүп, күрөшүүнүн сырларынан сырткары психологиялык жактан дагы дардыкка көңүл бурчу. Күнүнө 10-15 километр чуркап, машыгуу түйшүк менен коштолчу. Машыгууда оор болсо, күрөшүүдө, таймашууда жеңил болоорун эскертип турчу. Азыркы жаш балбандар мындай түйшүккө, катуу машыгууларга туруштук бере албайт.  Мурда кыргызстандык балбандар союздук аренада гана таанылып жүрсө, Александр Ремезовдун мээнети менен эл аралык, дүйнөлүк аренада байгелүү орундарды ээлеген чемпиондор чыкты. Бош убакыт болгондо бизге тарыхый окуяларды, эркин күрөштүн чемпиондорунун таржымалын, дүйнөлүк күрөштүн каармандары тууралуу кызыктуу баяндарды, аңгемелерди айтып берип, шыктандырып турчу. Анын кайрат-күч кубатына таң берем. Бир нече жолу инсульт алып, шал болуп, ооруп калса дагы спорт залга келип, жигиттерди машыктырып, майтарылбас эркин көрсөттү. Ага көзү тирүүсүндө эле “ майтарылбас эрки, каармандыгы үчүн” сыйлыкты берүү керек эле, -дейт Шаршен Касенов

  Бишкек шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы балдардын олимпиадалык резерв спорт мектебинин директору Жолдош Бекбоев дагы Александр Ремезовдон таалим-тарбия алып, 7 жашынан баштап эркин күрөш менен машыккан.  “Сарыгул Чекиров менен Александр Ремезов кыргызстандык балбандарды дүйнөлүк аренага таанытып, Жеңиш Дөңбаев баштаган чыгаан устаттардын мектебин түзүп кетишти, -дейт Жолдош Бекбоев. 

-Анын шакирттеринин бири Владимир Соколов уландар арасында дүйнө чемпиону болгондон баштап, эл аралык аренада кыргызстандык балбандар ийгиликтерди жарата баштаган. Кийин Александр Ремезов Кыргызстандын тандалма командасынын башкы устаты болуу менен бирге “Динамо” спорт залында балбандарды машыктырып, чемпиондорго таалим-тарбия берди.  Кийин анын шакирртери В. Соколова, А. Мишурова, М. Костопуло СССРдин жаштар тандалма командасынын катарына кабыл алынып, өлкөбүздүн намысын татыктуу коргоп, байгелүү орундарды ээлеп, жаштарга өрнөк болушту. Өмүрүнүн акыркы жылдары Александр Иванович ооруп, инсульт алып  калса дагы машыгууларга келип, кайратынан жазбай жүрдү. Үстөлгө отуруп алып, машыгууларга көз салып, кеп-кеңештерин айтып турчу. Катуу оорунун айынан 2007-жылы каза болуп калса дагы аны эскерүү эл аралык мелдеши өткөрүлүп келатат,- деп эскерет эркин күрөш боюнча СССРге эмгек сиңирген машыктыруучу Жеңиш Дөңбаев.

Эркин күрөш боюнча уникалдуу мектеп жараткан дүйнө, Европа жана СССРдин бир нече чемпиондорун тарбиялаган  легендарлуу чыгаан устат Александр Ремезов тууралуу учкай гана баяндадык. 80 жылдык мааракеси учурунда бүгүн 9-январда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатканы дагы символикалуу болуп турат. Шакирттеринин атынан Кыргыз Республикасынын Олимпиадачылар ассоциациясынын президенти, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу  Шаршен Касенов чемпиондорго атайын Александр Ремезов атындагы Кубокторду жана баалуу байгелерди тапшырганы, атактуу устатын эскергени турат. Кыргызстандык балбандар даңазалуу машыктыруучу, мыкты педагог Александр Ремезовду унутууга акыбыз жок. 

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы, Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: