Сүрөт иллюстрация үчүн коюлган.
Бүгүн, 9-январда саат 12:30 чамасында Бишкектин Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде журналист Болот Темировго белгисиз 3 адам кол салган. Кол салгандар Болот Темировду ур-тепкиге алып, уюлдук телефонун алып кетишкен. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Азыр аталган кылмыш окуясынын бетин ачуу жана күнөлүүлөрдү аныктап жоопкерчиликке тартуу боюнча учурда Бишкек шаардык ИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Болот Темировго кол салуу боюнча тергөөнү ИИМдин жетекчилиги өз көзөмөлүнө алган.
Журналист Болот Темировго кол салуу учуру жана кол салгандардын качып баратканы видеокамераларга түшүп калган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ