Мамлекеттик кыргыз-тажик чек арасында ок атуу токтолду. Бул тууралуу чек ара кызматы билдирет.
“Учурда абал туруктуу. Бирок чыңалуу сакталууда” – деп айтылат маалыматта.
Маалыматка караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрүү тилкелери штаттык режимде иштеп жатат.
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары – Башкы штабынын башчысы Абдикарим Алимбаев чек арадагы аскерлердин аракеттерин көзөмөлдөөдө.
Эсиңиздерге сала кетсек, 9-январдан 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Ош – Баткен – Исфана унаа жолунда Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургунуна таандык “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкалап салышкан.
Ошол эле күнү саат 01:10 чамасында Достук айылынын тургуну 25 жаштагы М.Шга таандык болгон “Фольсваген Гольф-4” үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары таш ыргытышып, анын да терезелери талкаланган.
Аталган маалыматтар Баткен РИИБнын кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иш чаралар, териштирүү, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Андан сырткары саат 02:40 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участкасында Таджикстан тараптан белгисиз ок атуучу куралдан ок атылган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ