Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Өкмөт башчылар 2020- жылдын 10-январына караган түнү мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуядан кийинки кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды биргеликте кабыл алууга байланыштуу маселени талкуулашты.

Мухаммедкалый Абылгазиев жана Кохир Расулзода чек арадагы коопсуздукту жана кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн, кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбоо жана кырдаалды курчутпоонун, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди активдештирүүнүн зарылдыгын белгилешти. Мындан тышкары сүйлөшүүдө чек арага чектеш аймактарда элге түшүндүрүү иштерин күчөтүлгөн негизде жүргүзүү менен эки өлкөнүн бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара кызматташууну активдештирүү тууралуу макулдашууга жетишилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: