Menu

Милиция Максат Чойбеков катышкан жол кырсыктан каза болгон Апиевдин аялы да көз жумду. Анын каза болгонуна жаман комментарийлер себеп болуптур…

Бөлүшүү:

Сокулук РИИБнин мурдагы жетекчиси Максат Чойбеков катышкан жол кырсыктан каза болгон айдоочу Рысбек Апиевдин жубайы каза болду. Бул тууралуу маркумдун туугандары бүгүн, 12-январда журналисттерге билдирген.

Алардын айтымында, Рысбек Апиевдин жубайынын өмүрүнө социалдык тармактарга тараган комментарийлер себеп болгон. Тагырагы, буга чейин Р.Апиевдин туугандары “Максат Чойбековго эч кандай доо-арызыбыз жок”, – деп тосмо арыз жазып, алгачкы аны күнөөлөгөн арызын милициядан алып коюшкан. Ошол арыз тууралуу ММКларга жарыяланып, социалдык тармактарга тарагандан кийин, анын алдына терс комментарийлер жазылган. Мисалы, “туугандары сатылды” же “аялы күйөөсүнүн элесин сатты” ж.б.у.с. Ушундай жаман сөздөрдү окугандан кийин, жесир аял (10-январда) өзүн жаман сезип, инсульт алган. Дарыгерлердин жардамына карабай, каза болуп калган. Тосмо арыздан кийин Максат Чойбеков жесирдин үйүнө келип, андан кечирим суроого сөз берген экен, анын кечирими кечигип, аны укпай кеткенин, ушул дагы аларга сокку болгонун баса белгилеген маркумдун туугандары тосмо арызды кайтарып алаарын билдирген.

Эске сала кетсек, былтыр, 7-декабрда, болжол менен таңкы саат 4:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 18-чакырымында эки машина кагышкан. “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү машина милициянын полковниги Максат Чойбековго таандык болгон. Кырсыктын кесепетинен кичиавтобустун айдоочусу жаракат алып, Кант шаарындагы ооруканага оор абалда жеткирилген. 9-декабрда, Чойбеков кызматынан четтетилген. 10-декабрда ооруканада жабырлануучу каза болгон.

Ушул жылдын 8-январында Р.Апиевдин туугандары М.Чойбековго доосу жоктугун билдирген тосмо арыз жазгандары белгилүү болгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: