Menu

Раим Матраимов тууралу иликтөө жасаган Элнура Алканова менен анын аялынын зер буюмдарын иликтеген Болот Темиров кайым айтышууда

Бөлүшүү:

Иликтөөчү журналисттердин эл аралык мектебинен өткөн, эмгектери эл аралык сыйлыктарга татыган жана КР Бажы кызматынын төрага орун басары Раим Матраимов тууралу эң биринчи иликтөөлөрдү жасаган журналист Элнура Алканова Facebook социалдык тармагындагы баракчасына “Сорос-Кыргызстан” фондунан грант алып FactCheck.kg сайтын ачып, Раим Матраимовдун аялынын социалдык тармактардагы зергер-буюмдарын таап чыккан журналист Болот Темиров тууралу жаңы пост жазды:

“Урматтуу Матраимов Райымбек Исмаилович!

Болот Темировго АКШга жолдомо сатып беришиңизди суранам!

Мен анын коопсуздугу үчүн өтө кооптонуп жатам. Ал өлкөнүн жарандарынын жарымына жалаа жапты, эми да токтой турган түрү жок, кандай чагым болбосун жасаганга даяр. Анын куру жалааларына таарынуунун деле кереги жок болуп калды… анын оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып калды…

Болот, сага “5-канал” кыжаалат болуп, маек алып чагылдырайын десе, сенин оозуңдан тезектен башка эч нерсе чыкпайт турбайбы!”

Элнура Алканова.

Эсиңиздерге сала кетсек, 9-январда журналист Болот Темиров өзүнө кол салуу болгонун жарыялап, 11-январда атайын билдирүү тараткан. Анда Болот Темиров “5-каналдын журналисттери мага кайра-кайра телефон алып, “бул кол салууну Райым Матраимов жасады” деп айттырууга аракет кылышты” деп 5-каналдын журналисттерин да айыптаган. Иликтөөчү-журналист Элнура Алканова азыр “5 канал” телеканалында эмгектенет.

Булак: KyrgyzToday.kg            

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: