Кыргызстандыктар Бельгияда акысыз окуганга документ тапшыра алышат. Левен Католик университети (KU Leuven) эл аралык магистерлик программага студенттерди ала баштады.
Стипендия программасы атайын илим факультетиндеги магистерлик программа боюнча окугусу келген чет элдик студенттер үчүн иштелип чыккан. Жылына 10 миң евро төлөнөт.
Чет элдиктер химия, география, математика, астрономия жана астрофизика, биология, биофизика, биохимия жана биотехнологиялар жана башка тармактар боюнча магистерлик бөлүмдөргө документ тапшыра алышат.
“Берилген стипендия бир жылдык окууну, камсыздандырууну жана медициналык камсыздандырууну жабат. Жашоого бөлүнгөн суммалар өзгөрүп турушу мүмкүн. Илим факультетиндеги көпчүлүк магистерлик программалар эки жылдык болуп эсептелет. Биринчи жылы эң мыкты окуган студент экинчи жылы да стипендия алууга мүмкүнчүлүк алат”, – деп айтылат алардын сайтында.
Документ тапшыруунун акыркы мөөнөтү – 2020-жылдын 15-февралы.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ