Ноокат районунда жайлоодо унаа оодарылып, натыйжада айдоочу ооруканага түшүп, уулу каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 18-сентябрь күнү Көк-Бел айылынын түштүгүндө жайгашкан Кыркым жайлоосуна “Газ-53” үлгүсүндөгү унаа менен Ноокат районунун тургуну 1984-жылы туулган жаран бара жаткан. Саат 17:30 чамасында ал рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен.
Айдоочу оор жаракаттар менен Ноокат аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Мындан тышкары, айдоочунун 2014-жылы туулган уулу оор жаракат алып, ооруканага жетпей көз жумган.
Бул кырсык боюнча Ноокат РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалды. Иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, кырсыктын так себеби иликтенип жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ