Бүгүн, 14-январда, Бишкекте Жерүй алтын кени боюнча “Жерүй: көйгөйлөр жана чечүү жолдору” аталыштагы тегерек стол өтүүдө. Ага белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, кен боюнча адистер катышууда.
Тегерек столду уюштуруп, алып барып жаткан коомдук активист Айбек Бусурманкулов кен боюнча маселе көтөрсө эле УКМК аны суракка чакырып жатканын айтты эле отургандар: “Эч коркпо, артыңда биз турабыз. Колдойбуз, туура маселе көтөрүп атасың», – деп колдоп кетишти.
Эске сала кетсек, 4 миллиард доллар алтыны бар “Жер үй” алтын кенин 2015-жылы Бабанов ээрчитип келген орусиялык чечен бизнесмендерге президент Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариев 100 миллион эле долларга сатып жиберишкен. Кыргызстанга 1% да үлүш калган эмес. Азыр Жерүй алтын кени 100% чечендерге таандык.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ