Бул татыктуу наамга 3-шаардык милиция бөлүмүнүн (ГОМ-3) ага лейтенанты Даниэл Акимжан татыктуу болду. Бул тууралуу 14-январда Бишектин Октябрь райондук ИИБисинин басма сөз кызматы билдирди.
“РИИБинин жетекчилиги ага лейтенант Акимжандын кесипкөйлүгү, кызматын эр жүрөктүк менен алып баргандыгын белгилеп, шаардыктардын бейпил жашоосу үчүн кызмат өтөп жатканына байланыштуу жаңы электр скутери менен сыйлашты”, – деп айтылат маалыматта.
Даниэл Жалал-Абад облусунда төрөлүп, чоңойгон. 2004-жылы М.Темирбаев атындагы орто мектепти аяктап, андан соң Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясына өткөн.
Жогорку окуу жайды аяктаган соң, ичики иштер органдарында кызмат өтөөнү туура көрүп, ата-энеси да уулунун тандоосун жактырышкан. Азыр Даниэл үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ