Серепчи Марс Сариев өзүнүн 5-каналга берген маегинде Кыргызстан кандайча лабораторияга айланып калганын айтып берди:
“Аскар Акаевдин заманынан бери карай Кыргызстан ар кандай технологияларды иштеп чыккан эл аралык лаборатория болуп келди. Биз биринчилерден болуп рубль мейкиндигинен чыктык, биз өзүбүздү демократиянын “үлгүсү” катары көрсөтүп, ошол демократияны жайылтуу үчүн Батыштан миллиарддаган долларларды алдык, өзүнчө эле өзүбүздү үлгүлүү мамлекет катары көрсөтө баштадык. Ал кезде Мадлен Олбрайт АКШнын мамкатчысы болчу, бирок ошондогу миллиард доллардын азыр ээ болгон сөз эркиндигин орнотконго канчасы гана кетти? Калганы ар кайсыл кландардын чөнтөгүнө түштү, бул акчаларды кыргыз элитасы өз муктаждыгына коромжу кылды.
Мындай абал Грузияда дагы болгон, алар Батыштан акча алып, Михаил Саакашвили таасирдүү реформаларды жүргүзө алды. Ал жакта кадам артынан кадам жасалды – үлгү түзүп, аны жайылтуу керек болгон.
Бирок Азияда бул ыкма иштебейт экен. Менимче, азыр да Кыргызстан кандайдыр бир лабораториялык аянтчага айлангандай, кандайдыр бир инженерлик мамиле иштелип чыгып жаткандай, бирок мамлекеттик органдарда олтурган биздин аналитиктер кандай ыкмага туш болгондорун таптакыр түшүнбөй жаткансыйт…”
Видео:
Кыргызчалаган Kyrgyztoday.kg
Булак: 5 канал
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ